“БЫЙЫЛ БИРДИКТҮҮ ФОРМАЛАРДЫ СӨЗСҮЗ КИЙҮҮ ШАРТ ЭМЕС”

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин чечимине таянсак, быйылкы окуу жылы мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү формалардын киргизилиши менен өзгөчөлөнмөк эле. Өлкөбүз эгемендүү болгондон бери бирдиктүү форма биринчи жолу киргизилип жаткандыктан бул жылы байкоо катары каралмакчы болууда. Бирдиктүү форма киргизүүнүн негизги максаты – социалдык теңсиздикти жоюу. Себеби, кээбир колунда бар ата-энелер балдарына кымбат баалуу кийимдерди алып беришсе, колунда жок бүлөлөрдүн балдары ушул эле маселенин кесепетинен мектепке барбай койгон учурлар да кездешет. Бирок, бирдиктүү формалардын киргизилиши да эл арасында бир топ суроолорду жаратууда.
Бизди кызыктырган суроолорго жооп алуу үчүн Илим жана билим берүү министрлигинин билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тахмина Мамыралиевага кайрылдык.
«Формалардын баасы 800-1200 сом»
– Тахмина Та­лапташевна, окуу жылына саналуу гана күндөр калды. Жаңы окуу жылына даярдык кандай болуп жатат?
– Атайын комиссия түзүлүп, мектептердин ал-акыбалы текшерилип чыкты. Эми 100 пайыз даяр деп айтууга болбойт. Бирок 1-сентябрга чейин кээбир кемчиликтер жоюлат деген үмүттөбүз.
– “Быйылкы окуу жылы мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү формалардын киргизилиши менен өзгөчөлөнөт” деген маалыматтар бар. Бул тууралуу кененирээк кеп салып берсеңиз...
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин чечими менен 2008-2009-окуу жылында 1-4-класска чейинки мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү формалар киргизилди. Азыркы учурда формалар жеке тигүү ишканаларында даярдалып жатат. Ошондой эле, жергиликтүү базарларда, соода түйүндөрүндө окуу формалары сатыла баштады. Мисалы, тактай кетсем, «Дордой» базарынын европа катарынын 383-контейнеринен мындай үлгүдөгү формаларды таба алышат.
– Балдары үчүн эрте эле кийим-кечек алып берип койгон ата-энелер кайрадан бирдиктүү форма сатып алуулары керекпи?
– Быйылкы жылы бирдиктүү формаларды кийгизүү буйрук катары эмес, сыноо катары болмокчу. Эгерде ата-энелер балдарына кийим-кечектерди алып коюшкан болсо, мектепте аларды деле кийүүгө уруксат берилет.
– Мындай чечим бирдиктүү формалардын кеч даярдалып, сатыкка кеч чыккандыгына байланыштуу эмеспи?
– Өз алдынча эркин мамлекет болгонубуздан бери окуучуларга бирдиктүү форма биринчи жолу киргизилип жатат. Албетте, мындай учурда кыйынчылыктар болбой койбойт. Окуу жылы башталгыча дагы убакыт бар. Каалагандар балдары үчүн жаңы бирдиктүү формаларды сатып берүүгө жетишет деп ойлойм.
– Бирдиктүү формаларга коюлган баа кандай болуп жатат?
– Азыр базарларда формалардын баасы 800-1200 сомго чейин бааланууда. Бул – форма тигилген кездеменин жана тигүүнүн сапатына ылайыкталып коюлган баа.
– Бир үйдө үч-төрт бала окуткандар да бар. Алар үчүн ар бир баласына 800 сомдон форма сатып бе­рүү оор болуп калбайбы?
– Жаңы форманы албаса деле бир баланы окууга даярдоого орто эсеп менен 800 сомдун тегерегинде акча кетет. Андыктан, «бирдиктүү формаларга коюлган баа өтө кымбат» деп айтууга болбойт.
– Кээбир гимназия, лицейлерде өздөрүнүн бирдиктүү формалары бар. Айтайын дегеним, аларга да Билим берүү министрлиги сунуштаган бирдиктүү формалар киргизилеби?
– Андай мектептин администрациясынын чечиминде жана уставында форма тууралуу кандай каралган болсо, ошого жараша гана бирдиктүү форма киргизилиши мүмкүн.
– Жогорку класстар үчүн да бир­диктүү формалардын үлгүлөрү чыгарылышы мүмкүнбү?
– Албетте. Акырындык менен бардык мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү формалар иштелип чыгат. Быйыл биз бул боюнча алгачкы гана кадамды шилтедик.
Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тахмина Мамыралиева менен маектешкенден кийин бул тууралуу элдин да ой- пикирин билүү үчүн базар кыдырып балдарын окууга даярдап жүргөн ата-энелердин да оюн билдик...
Элдин пикири кандай?
«Ош базарын» бир сыйра кыдырып, сатып алуучулардын көбү балдарына жылдагыдай эле формаларды алып жүргөндөрүн байкадык. Себебин сурасак, бир тобу бирдиктүү формалардын кымбат болуп жатканын айтышты. Алардын бири Венера эженин айтымына караганда, ал атайын айылдан келип, үч баласын мектепке жөнөтүүгө даярдык көрүп жаткан учуру экен. Эже ар бир баласына 300-400 сомдун тегерегинде эле кийинткенге ылайыкташтырып жатыптыр. Мындан тышкары, окуу куралдарынын да өтө кымбаттап кеткенин айтып, бирдиктүү форманын кереги деле жок экенин баса белгилей кетти. Айылдан келип, балдарына форма караштырып жүргөн дагы үч-төрт ата-эненин айткандарына таянсак, жалпы эле айыл элине жаңы формалардын кымбаттыгы маселе жаратып жаткандыгын билдик.
«Колунда барлар бул формаларды балдарына сатып берип коюшса, колунда жоктордун балдары атаандашат. Кайра эле «меники бар, сеники жок» деген маселе чыгып жатпайбы»,- деген пикирлерин айткандар да көп болду. Ал эми өзүн «Элдик Кеңештин тең төрагасымын» деп тааныштырган Чондоев Орунбек: «Бул – шотландыктарды туурап, бар үлгүнү уурдап алгандык. Эгерде ушул эле формаларда кыргыздын элементтерин чагылдырып чыгарышса бир жөн эле»,- деп фасонуна нааразычылыгын айта кетти.

Ар кайсы муундагы формалар

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан