«СУПЕР СУЛУУ-2011» СЫНАГЫ СТАРТ АЛДЫ!

Кыргызымдын кымча бел, ай жүздүү, чырайлуу бийкечтеринин кулагына күмүш сырга! “Супер сулуу-2011” сынагы кайрадан стартта. Сынактын мурунку жеңүүчүлөрү Анталия, Мисир, Таиландга кыштын ызгаарында барып эс алып келгени тууралуу маалыматыңыз бар болсо керек. Эми кезек сизге келди! Андыктан азыртадан чамдаңыз. Бул жылы чет өлкөгө жолдомо алуу бактысы, балким, сизди күтүп тургандыр. Сынактын шарттары менен гезиттин келерки сандарында тааныштырабыз.
“Супер-Инфо” гезити ар дайым сиздер менен!
Байланыш телефону – (0312) 32-33-26

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 446, 20-26-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан