Роза Аманова менен анын шакирти Гүлнур Асанованын таарынычтарынан кабарыңыз бар чыгар. Роза айым: “Гүлнур ишенген шакиртим болчу. Андан мындайды күткөн эмес элем. Ортодогу кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип мага таш ыргытканы үчүн адвокатка кайрылууну туура таптым”,- деп билдирген эле. Бирок салттуу музыка өнөрүнүн күйөрмандары «ичкен кудугуңа түкүрбө» деген улуу кепти негиз кылып, Гүлнурду эжесинин алдына ээрчитип келишиптир.
Гүлнурдан тастыктоочу маалыматтарды алгандан соң устат менен шакирт өздөрүнчө да жабык эшик артында бир топко сүйлөшүштү. Акыры “бул – экөөбүздү көрө албагандардын жасаганы” деген тыянак чыгарышып, таарынычтарды токтотуп, алдыда болчу чоң долбоорго даярданмакчы болушту. Роза эже: «Гүлнур тууралуу терс маалыматтардын даярдалып жатканын угуп, сотко берүү оюмдан кайттым. Ачууга алдырсам, кийин «энелик кылып деле жаш кызды кечирип койсом болмок» деп өкүнөрүм анык. Жаш кыздын багына балта чапкым келбеди»,- деген оюн айтып өттү. Роза айымдын айкөлдүгүнө ыраазы болгон биз салттуу музыка өнөрүндө бири ай, бири жылдыз болуп жана беришине тилектеш экендигибизди билдирдик.