Айжан Газиева жакында болуп өткөн “Жан дүйнөм дайым бий менен” аттуу долбоордо баш байгеге ээ болду. “Бул долбоорго 11 түгөй ат салыштык. Мен Муса Сомкулов деген дизайнер жигит менен бийледим”,- дейт ырчы. Тапшырма боюнча вальс, танго, латын бийлерин аткарган Айжан эми үч ай акысыз фотосессия жана 2000 долларлык клип тартуу мүмкүнчүлүгүн алганына толкунданып турган кези.