“Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат” дегендей, Мирбек, Даниель, Алихан жана Гүлжигит аттуу жигиттерибиз эми англисче ырларды акценти жок ырдаганга бел байлашыптыр. “Чыгармачылык менен чет жерде көп болобуз, андыктан тил жагынан кыйналбастын камын көрүүдөбүз” деген ырчылар англис тилинен сабак алып жатышат. Эми бул ырчы мырзалар кыргыз эстрадасынын кампасын жалаң англис ырлары менен толтурушпаса эле болду.