Продюсери Динара Эсенгулова менен иштешпей калгандан кийин Айдин Шер кайда жүргөнү белгисиз болуп, такыр дымы чыкпай кеткен эле. Издөө салсак, жүрүптүр Кыргызстанда эле, тасмага тартылсамбы деп. Анан да ырчы Динара эжесине катуу таарынган өңдөнөт, ал ыйгарган Айдин Шер ысымын чанып, Алмаз деп азан чакырылып коюлган аты менен ырдап чыгууну туура көрүп жатыптыр. Андыктан Алмаз деген ырчы чыгып калса, баягы Айдин Шер деп билиңиз.