Өткөн саныбызда "Бактыгүлгө не болгон?" деген темада ырчынын www.super.kg сайтынын медиа-порталындагы "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеосу тууралуу жана колдонуучулардын комментарийлери камтылган маалымат жазган элек. Бул кабар жарыялангандан кийин ырчы бизге байланышка чыгып: “Кытайга клип тартууга барганымда достор менен буйрук аткармай ойногонбуз. Жалгыз эле мен эмес, ар бирибиз бирден буйрук аткарып, калганыбыз уюлдук телефонго тарткан элек. Кийин ал телефон жоголуп кетип, видео интернетке тарап кетиптир. Мени “ичип же чегип алган го” деген билдирүүлөрдү көрүп жакамды кармадым. Ичпей-чекпей эле достор менен көңүл ачканбыз. Мен да адаммын, ойноп-күлүүгө акым бар да”,- деп капаланды.
(Сөз болгон видеону бул жерден көрүүгө болот)