КЫРГЫЗ СТУДЕНТТЕРИ АЗИЯНЫН МЫКТЫЛАРЫНЫН КАТАРЫНДА

20-24-май күндөрү Алматы шаарында таэквондо боюнча 10 мамлекеттин студенттеринин арасында Азия биринчилиги болуп өттү. Жалпысынан 113 спортчуну кучагына алган бул мелдешке өлкөбүздөн 6 спортчу аттанып, 4 коло, 1 күмүш менен кайтып келишти. Жалгыз күмүш 74 килограмм салмактык категорияда Алимжан Таджибаевдин наамына жазылса, коло медалдар Кристина Тэн (53 килограмм), Денис Чернов (58), Тилек Турсуналиев (68) жана Абдураим Расулга (80) буюрду. Мелдеште мекендештер командалык эсепте 7 упай топтоп, 6-орунду камсыздашты. Ал эми биринчиликти Ирандын спортчулары 62 медаль менен илип кетишти.
Бул күндөрү мелдешке катар Азия өлкөлөрүнүн Студенттик спорт федерацияларынын Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Кытайлык Занг мырзанын демилгеси менен уюшулган жыйында Азия студенттик спортун өнүктүрүү каралып, ага өлкөбүздүн атынан КРнын Студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Касенов катышып келди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан