22-майда Казакстандын Шымкент шаарында ушу-саньда боюнча эл аралык ири мелдеш аяктады. Кубантканы, ага аттанган Сталбек Дарканбаев (“Гермес-профинин” өкүлү) 70 килограмм салмакта мелдештеги жалгыз таажыны кийип кайтты.
Машыктыруучу Жанбулат Амантаевдин жетегинде барган спортчубуз финалда казак спортчусун жеңип алды. Бул Сталбектин акыркы эки ай ичиндеги үчүнчү чемпиондук наамы (кикбокс боюнча мартта Москвада Дүйнө кубогуна ээ болсо, майдын башында кикбокс боюнча өлкө биринчилигин уткан). Мындай ийгиликтер Сталбек «жеңиш машинасыбы»? деген ойго салары бышык. Жеңиштеринин сырын сураганыбызда ал: “Жеңиштеримдин сыры – өжөрлүк менен машыгуу жана машыктыруучумдун насаатын, сынын туура кабылдаганымда”,- деп жооп берди.