Ата-бала Уилл жана Жейден Смиттер көптөгөн тасмаларга чогуу тартылып келишкен. Алар жараткан ролдор көрөрмандардын купулуна толгондуктан, учурда ата-бала индиялык режиссёр Найт Шьямаландан сунуш алышты. Тасмада көнүмүш адатка айланган индия сүйүүсүнүн жыты да жок болот. Себеби сюжет табигый кырсык жөнүндө болмокчу. Тасмада 2004-жылы Индонезияда болуп өткөн суу каптоо чагылдырылышы да мүмкүн. Смиттердин куткаруучунун же жабыркагандардын ролун аткарары азырынча сыр бойдон калууда.