Көп жыл бою дүйнө жүзүнө коркунуч каптатып турган бен Ладен жөнүндө Голливуд тасма тартпай койсо, таң калычтуу көрүнүш болмок. Учурда “Бен Ладенди жок кылуу” аттуу кинонун үстүндө кызуу иш жүрүп жатат. Долбоорду Кэтрин Бигелоу жетектесе, тасманын сценарийин Марк Боал жазган. Ал эми белгилүү террорчунун ролун австралиялык актёр Жоэл Эдгертон аткармакчы.