АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

“АЛЬФАНЫН” ОФИЦЕРИН КИМ ӨЛТҮРДҮ?
15-майда Бишкек шаарындагы Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Челси” түнкү клубунун жанында мушташ чыккан. Маалыматтарга караганда, мушташ учурунда атайын багыттагы аскерлердин офицери Чыңгыз Сулайманов бордюрга башы менен тийген. Өкүнүчтүүсү, арадан эки күн өтүп, алган жараатынан улам Ч.Сулайманов ооруканада каза болду. Азыркы тапта укук коргоо кызматкерлери өлүм менен аяктаган мушташты баштагандарды издешүүдө.

БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
20-майда түнкү саат үч жарымдарда “Камышановка” чек ара пунктунун аймагынан сыртка мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен Чүй чек ара кызматкерлери тарабынан казак жараны кармалган. Кармалган адамды текшерүү учурунда анын жанынан 23 килограммдан ашуун гашиш табылган.

КАРАТЫП ТУРУП МАШИНАСЫН АЙДАЙ КАЧКАН
23-майда Бостери айылынын тургуну кардарларын Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүндөгү дарекке жеткирип, жүктөрүн түшүрүп жатканда, анын көз алдында Ауди үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөө айдай качкан. Ууру автоунааны катуу ылдамдыкта айдап баратып биринчи эле кайрылыштан пансионаттын жабык турган дарбазасын сүзгөн. Автоунаа үстүн басып калган дарбазаны 20 метрдей сүйрөп барган.
Милиция кызматкерлери көл тарапка качкан ууруну пансионаттын аймагынан кармашкан. Кармалган адам Ысык-Көл районунун Н.А. аттуу тургуну болуп чыкты. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

ӨЗБЕКСТАНДЫК УУРУ КОЛГО ТҮШТҮ
23-февралда укук коргоо кызматкерлерине Чек айылынын 40 жаштагы тургуну сарайынан 5 уюн уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган эле. Бул факт боюнча Ноокен
РИИБинин тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. 19-майда милиция кызматкерлери атайын иш-чара өткөрүп, аталган кылмышка шектүү катары Өзбекстандын Пахта-Абад айылынын С.А. аттуу тургуну колго түшүрүлдү. Азыркы убакта бул кылмыш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен түштүк аймагынын жашоочулары малын көп уурдатышарын сиз да уксаңыз керек. Бул ачылган кылмыш иши ондогон фактылардын бири гана болуп саналат.

АТАСЫ МЕНЕН КЫЗЫН ӨЛТҮРҮП, ӨРТТӨП ЖИБЕРИШКЕН
21-май күнү саат 14тө Бишкек шаарынын Сергей Лазо көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан үйдө өрт катталган. Анын кесепетинен үй ичиндеги мүлкү менен кошо күйүп кеткен. Ошондой эле өрт болгон жерден 1950-жылы туулган Тэн Эдуард Михайловичтин көп ирет бычак жеген денеси жана 1980-жылы туулган Тэн Татьяна Эдуардовнанын күйүп калган сөөгү табылган. Маалыматтарга караганда, өрт атайын уюштурулган.

101 билдирет

ТАМЕКИСИН ӨЧҮРБӨЙ КОЙГОН
20-майда баш калаадагы Островский көчөсүндө жайгашкан үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Урандылардын астынан өрттөн каза болгон эки кишинин сөөгү табылган. Алар 1955-жылы туулган Р.Р.Якубов жана 1949-жылы туулган В.И.Трунина болуп чыккан. Өрт тамекини өчүрбөй койгондон келип чыккан.

ӨРТ ҮЙДӨН ҮЙГӨ УЛАНЫП...
23-майда Жалал-Абад шаарынын Низами көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, жанаша жайгашкан үйлөргө өтүп кеткен. №63-үйдүн 47 чарчы метр чатыры, 50 килограмм пахта, 500 килограмм азот жана 300 килограмм жүгөрүнүн сотосу күлгө айланды. Ал эми №65 жана 67-үйлөрдүн чатырлары күйүп кеткен.

БАЛАГА ШИРЕҢКЕ КАРМАТПА
22-майда Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу үйдөн өрт чыгып, үйдүн 64 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 6 жашар баласынын от менен ойногонунан келип чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
lolo
2011-06-01 19:22:46
Diskatekalardy japkyla, bangichilerdi turmogo salgyla,mashina urdagandardyda turmogo jibergile,Ozbekstandyk urunu turmogo jibergile,atasy menen kyzyn olturgondordu atuga ketirgile,tameki tartpagyla,ortton etiyat bolgula jana baldarga shirenke karmatpagyla oshondo baary jakshy onolot!!!!
0
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан