“Версус” бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова 21-майда шоу чөйрөнүн каймактарынын башын бириктирип өзгөчө кече өткөрдү. Кечеде Айпери “Ала-Тоо гүлдөрү” деген аталышта кийимдер коллекциясын эл алдына алып чыгып, өзүн бийчи гана эмес, модельер-дизайнер катары көрсөтө алды. Айперинин колунан чыккан саймалуу көйнөктөр келген коноктордун көңүлүн бурбай койгон жок. Кече ар кандай кызыктуу оюндар менен коштолду.
Бул кечеге Гүлнур Сатылганова, Роза Шакирова, Мирбек Атабеков, Омар, көрүнбөй кеткен ырчы Анжелика баш болгон көптөгөн эстрада жылдыздары катышышты. Ошондой эле белгилүү спортчулар Ален Офойо жубайы, Кумар Жалиев Элина Абай кызы менен жетелешип келди. Буга чейин “кыз-жигитсиңерби?” деген суроого экөө тең так секире жок деп келишкен булар чогуу басып, чогуу туруп, чогуу сүрөткө түшүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурушту. Биз да экөөнү карап, бири-бирине жарашкан татынакай жуп болуп калышат экен деп суктанып алдык.