Ыры менен ар бир угармандын жүрөк кылдарын черткен Рыспай Абдыкадыров менен кыргыз эли сыймыктанат. КРнын Эмгек сиңирген артисти, композитор, обончу, бир сөз менен айтканда, ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында документалдык жана көркөм тасма тартылмакчы. Тасмага каражат топтоо үчүн тартуучу топ марафон өткөрмөкчү. Марафон 2-июнда Нарын шаарынын драма театрында, 3-июнда Каракол шаарында, 7-июнда Бишкекте, Орус драма театрында саат 10:00дө башталат.