Орустардын “ВИА-Грасындай” болуп 3 селкиден турган “Импульс” тобу сизге жагабы? Мына ошол кыздардан түзүлгөн топ жаңыланмакчы. “Ортодо түзүлгөн келишим аягына чыкты. “Импульс” тобунда, балким, бир гана ырчы кыз калып, калгандарын башка кыздар алмаштыруусу мүмкүн. Буюрса, июнь айында кайрадан таланттуу ырчыларды кабыл алганы турам”,- деп билдирди топтун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков.