Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов 50 жашын белгиледи. Кыргызда элүү жаш эр ортону деп эсептелет. Ушул куттуу жашты татыктуу каршы алган таланттуу инсанды биз да кызуу куттуктайбыз.
Ибрагим Жунусов депутаттыкка ат салышканда, андан соң вице-премьерликке дайындалганында да “ырчы ырчылыгын эле кылбайбы” деп жактырбагандар көп болду. Бирок бир нерсени кыргыз унутпайт. “Ак жолдон” шайланып келгенине карабаcтан, олуттуу маселелерди бийлик өзүм билемдик менен чечип, башка “ак жолчулар” талкан сугунуп алгандай унчукпай отурганда, дал ушул адам тартынбай каршы чыгып турган. Ошол сапатынан, элге күйүмдүүлүгүнөн эми деле жазбайт деп ишенебиз. Эр ортону элүү жаш кут болсун, Ибрагим мырза!