КИММО КИЛЬЮНЕН ЭМИ – ПЕРСОНА НОН ГРАТА

Жогорку Кеңеш 26-май күнү түштүк окуясын изилдөөгө алган эл аралык көз карандысыз комиссиянын төрагасы Киммо Кильюненди Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салды. Эскерте кетсек, биз буга чейинки сандарыбызда жогорудагы комиссиянын жыйынтыгын баяндаганбыз.
Төрага өзбектерге карата эч кандай геноцид болбогонун айтканы менен, «адамзатка каршы кылмыш болгон» деп билдирген. Анын бул сөзү коомчулукта жана бийликте чоң талаш-тартышты жаратты. Соңунда депутаттар Киммо Кильюненди “персона нон грата” (“жагымсыз адам”) деп аташты. Эл өкүлдөрү комиссиянын чыгарган жыйынтыгын бир тараптуу, эки улутту элдештирүүнүн ордуна кайраштырууга үндөгөн дешет. Мындан улам эми Кыргызстандын парламенти комиссиянын жыйынтыгын тааныбайт дегенге болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
baibolot71
2011-05-30 14:04:16
Ушуга окшогон оюу бузук,оозу кыйшыкты башта неге Кыргызстанга киргизип жургон,бул бузукунун онунон эле тунулсо болчудай.
0
skatoruk
2011-06-03 10:06:03
Комиссиянын жыйынтыгы болбогон нерсе.
0
№ 447, 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан