Туура, жаңы технологиялар жактан Кыргызстан четте калбаганы интернет дүйнөсүнө сүңгүү менен байкалат. Биздин расмий www.super.kg сайтыбызды окурмандар жакшы билишет. Сайт жылдан-жылга жаңылануу менен колдонуучулардын санын арттырып, жаш-кары дебей, мейли Кыргызстанда, мейли чет жердеги мекендештер менен болсун, байланыш, пикир алмашуу кызуу жүрүп турган кез. Сайтты ушундай деңгээлге жеткирүү бир канча машакатты талап кылган.
Эми сөздүн ток этер жерине келсек, «Кабарлар» деген сайт ачылыптыр. Түсү, анча-мынча айырмачылыгы болбосо, кудум эле www.super.kg сайтынын көчүрмөсү. Албетте, көчүрүп алуу оңой, бирок бир нерсени эске алышса болмок. Сайтка катталуудагы эрежелеринде “сайттын же гезиттин жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сындар info@super.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек” деген жерин өздөрүнө тууралап оңдоп да коюшпаптыр, чиркин.