Бишкек мэриясы “Ататүрк” сейил багынан орун алган “Райдер” ат-спорт мектебин «мыйзамсыз иш алып барууда жана өзүм билемдик менен парктын аймагына караштуу 1 гектар жерди колдонуп келген» деп айыптап, ага караштуу курулуштарды буздурган. Бузуу түн ичинде мэриянын алдындагы “Жашылдандыруу-курулуш” ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Бул түнү ошол мектептен баасы 300 миң сомдон 100 миң долларга чейин бааланган ахалтин породасындагы 3 жылкы жоголгондугун Ат спорту боюнча федерациянын вице-президенти Манас Султанов билдирди.