Белгилүү спортчу кыз өзүнө болгон ишеними жана спорттогу ийгиликтери тууралуу клип тарттырды. Эске салсак, Алина Кабаева 2007-жылы чоң спорттон кеткен. Андан кийин журналистика жана саясат менен алектенип, учурда думада депутат. Эми музыкалык долбоор ачып, ырчы болгусу келип жатканынын четин чыгарды.