Атактуу карт бойдок, таланттуу тележылдыз Андрей Малахов июль айында бойдокчулук менен кош айтышмай болду. Алып баруучунун өмүрлүк түгөйү “Elle” журналынын ээси, 30 жаштагы Наталья Шкулева экени аныкталды. Үйлөнүү той Париждеги атактуу Версаль падышалар сарайында өтөт. Нике агенттиктеринин билдирүүсүндө, тойго Андрейдин капчыгынан болжол менен 500 миң еврого жакын акча сарпталат.