Табиятынан чыргоо мүнөз модель Наоми Кэмпбелл “Cadbury” кондитердик компаниясын сотко берүүнү чечти. Аталган компаниянын жарнамасындагы “Наоми, артка жылып тур, шаарыбызга жаңы бийкеч келди” деген жазуунун жанында шоколаддын сүрөтү турган эле. Модель муну расалык кемсинтүү катары түшүнүп, башка кара терилүү жарандарды да жогорудагы компанияга нааразычылык жарыялоого чакырды. Наомини шоколадга салыштырган компания моделден кечирим сурап, Лондондогу жарнактарын алып салды.