АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

ТРАКТОР ПОЕЗДДИ ТОКТОТУУГА АРАКЕТ КЫЛДЫБЫ?
30-майда Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Садовое айылынын жанында Бишкек-Мерке багытында бара жаткан поезд менен Т-40 трактору сүзүшүп кеткен. Авариянын кесепетинен 26 жаштагы Р.Лумаза аттуу трактордун айдоочусу жапа чеккен. Кырсык болгон жерге куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун куткаруучулары келип, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көргөзүшкөн. Айдоочу учурда Москва райондук ооруканасында дарыланууда.

МОСКВАДА КЫРГЫЗ КЫРГЫЗДЫ БЫЧАКТАПТЫР
29-майда Москва шаарындагы “Москва” соода комплексинин аймагында ошол эле жерде иштеген үч кыргыз жигити келишпестиктерден улам уруша кетишкен. Мушташ учурунда алардын бирөөнө бычак сайылып, каза болуп калган. Мушташка катышкан калган экөө укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, сурак беришүүдө.

ЧОҢ ЭНЕСИН БАЛКОНГО КӨӨМП КОЙГОН НЕБЕРЕ
27-майда Бишкек шаардык милиция кызматкерлери үч жыл мурда болгон оор кылмыштын бетин ачышты. Атайын иликтөө иш-чаранын негизинде борборубуздагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден кишинин сөөгү табылган. Балкондогу 30 сантиметр калыңдыкта куюлган бетонду атайын аспаптар менен ачышканда, астынан 2 кытай баштыгына салынган кишинин сөөктөрү табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизанын керектүү түрлөрү дайындалган.
Маалыматтарга караганда, табылган сөөктүн калдыктары ушул үйдө жашаган 80 жаштагы М. аттуу айымга таандык болуп, бул кылмыш иши 2008-жылдын май айында жасалган. Кылмышка шектүү делинип, кемпирдин башка да оор кылмышы үчүн түзөтүү колонияларынын биринде жазасын өтөп жаткан 36 жаштагы А. аттуу небереси шектелүүдө. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

101 билдирет

ВЕРТОЛЁТ ОҢДООЧУ АНГАР ӨРТТӨНДҮ
28-майда Аламүдүн районунун “Бишкек” эркин соода аймагында жайгашкан «Аэростанция CAAS» ЖЧКсындагы вертолётторду оңдоочу ангардан өрт чыккан. Анын кесепетинен ангардын 1000 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

АВТОУНАА КҮЙҮП КЕТТИ
30-майда Сокулук районунун Кызыл-Туу жана Шалта унаа жолунда Тойота үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кеткен. Өрт электр зымдарын туура эмес улаштыруудан улам келип чыккан.

ЭЛЕКТР БУЮМДАРЫН ТУУРА ЭМЕС ПАЙДАЛАНУУ
ЧӨНТӨККӨ ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ
30-майда Кара-Суу районунун Сарай айылындагы үйдөн өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен үйдүн 200 чарчы метр аянты, 3 сервант, 2 диван, 2 сандык жана 15 килем күйүп кеткен. Тилсиз жоо электр буюмдарын колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан