Балдарды коргоо күнүнө карата мекемелер ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт эмеспи. Бул жылы “Тамашоу” таланттары алардан кем калбай, 30-май күнү “Сейтек” балдар борборунда Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына тамаша тартуулап, алардын кыт-кыт күлкүсүнө күбө болушту. Кызыктуу оюндар уюштурулуп, баштык-баштык белектер ыйгарылды. Балдардын ар бирине үйрүлө түшүп эзилип жаткан “Тамашоунун” жигиттерин карап, “бул бойдоктор ата статусуна ээ болушса, бул майрамда Кыргызстанды түрө кыдырып акция өткөрүшөт го” деген ойго жетелендик.