Эмгектин үзүрүн көрөт деген ушул. 12 жылдан бери теледе талыкпай кызмат кылып келе жаткан Канат Култаев 27-май күнү Маданият министрлиги тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. “Мындай сыйлыктар артисттерге гана берилет экен деп ойлочумун. Ошондуктанбы, бул мен үчүн күтүүсүз белек болду”,- дейт кубанган продюсер. “Жакшылык жарышып келет” дегендей, Канат бул жакшылыгынын артынан кесиптеши Динара Эсенгулова менен биргеликте музыкалык студиясынын ачылыш аземин өткөрүүгө да жетишти. Карьерасындагы ийгиликтер эми Канаттын жеке жашоосуна да баш багып, бойдок мырза түгөйүн табат деп болжой туралы.