Ой, Эрмек Нурбаев үйлөндү беле?.. “Тамашоунун” Балдарды коргоо күнүнө карата өткөргөн кайрымдуулук концертиндеги сүрөттөрдү карап отуруп ушинтип чочудук. Өзүңүз деле карап көрүңүз, окурман, биздин Эрмекбай аты жогуна нике шакегин тагынып жүрөт го? Кадимки шакектерге дегеле окшобойт.
Акыркы күндөрү тойлордо, кечелерде, “Тамашоунун” ар бир оюндарында аны табышмактуу сулуу жандап жүргөнүн көрүп-байкап жүргөнбүз. “Супер-Инфонун” кубогу үчүн өткөн футболдук таймашка да экөө чогуу келишти. Эрмек Чопа деп эркелетип, жаан жаап киргенде кыздын далысына күрмөсүн жаап, мырзалыгын көрсөтүп жаткан. Анан эле жигиттин колундагы нике шакеги көзгө урунду. Чын эле үйлөндүбү? Эгер элге жарыялабай үйлөнгөнү анык болсо, жигиттин оюнда той берүү боюнча “грандиозный” план болсо керек.