“36 жашымда алгачкы ирет эне болуу бактысын сезгени турам. Болочок наристемдин уул же кыз экени азырынча сыр болуп турсун”,- дейт кубанычы жүзүнөн төгүлгөн Кенже Дүйшеева. “Буюрса, октябрь айында көз жарам. Август-сентябрь айларында “Жебе” тобу менен түштүк жергесин кыдырып концерт берип алсамбы деп турам”,- дейт. Турнеге катуу киришип, ушул тапта аппаратураларды сатып алып, буту-бутуна тийбей концертке кызуу даярданып жаткандыгын кабарлады.