Бир бүркүм... ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО 179 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНӨТ...

  • 2011-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 179 миллион сом бөлүнөт.
  • Кыргызстанга Сулайман тоонун ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргендиги жөнүндө сертификат тапшырылды.
  • КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков 7-апрелди “Улуу апрель революциясынын күнү” деп атоону сунуштап жатат. Депутат мындай оюн Кыргызстандын өнүгүшүнө эбегейсиз салымын кошкон адамдар жөнүндө эскерүүнү түбөлүккө сактоо максатында киргизүүдө.
  • «Кыргызнефтегаз» ААКсынын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаев отставкага кетти. Ал эми Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыяланды.
  • Кыргызстан жылына 1 миллион 300 миң тонна буудай керектейт.
  • Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун эң татаал бөлүгү болгон Боом капчыгайындагы төрт тилке жолдун 1 чакырымын курууга 1 миллион доллар сарпталат. Бул жөнүндө Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков билдирди.
  • Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” алтын кенинде 5106 килограмм алтын өндүрүлдү. Аталган компания жыл башынан бери 52 миллион доллардан ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү республиканын казынасына которгон.
  • Өлкөбүздүн бюджетинин салыктык эмес кирешеси 1 миллиард 889 миллион 400 миң сомго өстү. Бул туурасында Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, салыктык эмес киреше “Мегаком” компаниясынан бөлүнгөн 559 миллион 400 миң сом, “Центерра Голд. инк” компаниясынан бөлүнгөн 1 миллиард 330 миллион сом көлөмүндөгү дивиденддин эсебинен көбөйдү.
  • 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин жоголгон 1400 ок атуучу куралдын 731и кайтарылды. Бүгүнкү күндө калктын колунда 669 ар түрдүү үлгүдөгү курал-жарактар жана ок-дарылар бар. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси Азиз Дөлөсбаев маалымдады.
  • Түштүк аймактарда ушул жылдын 15-майына чейинки болгон жаратылыш кырсыктары 35 адамдын өмүрүн алган жана 70 миллион сомдук зыян алып келген. Бул туурасында көз карандысыз эксперт Турат Азымбакиев билдирди.
  • Түркиянын Стамбул шаарындагы ири нан заводунун филиалдары Бишкек жана Ош шаарларында курулмакчы.
  • «Республика боюнча мектеп курагындагы 2131 бала мектепке барбайт»,- дейт Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Венера Жунусова.
  • 2025-жылга карата Бишкек шаарынын аянты 25 гектарга кеңеймекчи. Учурда борборубуз 16 миң гектар аянтты ээлеп турат. Анын айланасында 47 жаңы конуш бар. Бул тууралуу Бишкектин жаңы дайындалган башкы архитектору Алмаз Абдыкаров билдирди.
  • Ош жана Жалал-Абадда Июнь окуясында кыйраган турак үйлөрдү калыбына келтирүүгө 18 миллион доллар сарпталды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baratali
2011-06-06 17:40:01
Аз го?
0
№ 448, 3-9-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан