28-майда Бишкекте белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КРнын Эл артисти Дооронбек Садырбаевге көзү өткөндөн кийин КРнын Баатыры наамын жана Ак шумкар өзгөчө белгисин тапшыруу аземи болуп өттү. Көзү тирүү болгондо быйыл 72 жашка толмок эле. Дооронбек агабыз 70тен ашуун документалдуу жана 15тен ашык көркөм фильмдерди, алардын ичинен өтө белгилүү болгон “Арман”, “Акбаранын көз жашы”, “Эмилбектин жайы”, “Махабат дастаны”, “Кайран эл” жана башка кинотасмаларын жараткан.
Шаар мэри Иса Өмүркулов Шаардык Кеңеш тарабынан Бах көчөсүнө Дооронбек Садырбаевдын атын берүү чечими кабыл алынгандыгын айтты.