“Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” атайын мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште даярдалып, депутаттар Айнура Алтыбаева, Курмантай Абдиев, Асилбек Жээнбеков, Асия Сасыкбаева жана Бакыт Төрөбаев сунушташты.
Мында Кыргызстандын жарандары мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ болору жана сунуштаган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште милдеттүү түрдө карала тургандыгы айтылат. Ага ылайык, 10 миң шайлоочу биригип мыйзам долбоорун сунуштайт. Ал эми 300 миң жаран биригип Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүү укугуна ээ. Бирок жарандар чек араларды өзгөртүүгө, аймактарды өткөрүп берүүгө байланыштуу мыйзам долбоорлорун сунуштай алышпайт.
Жарандар тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлору Адилет министрлигинде каттоодон өткөрүлүп, ага кол койгондордун койгон колунун аныктыгын Борбордук шайлоо комиссиясы текшерет.