“Мен кайсы бир улутту күнөөлөгөнгө караманча каршымын”,- деди 2-июндагы Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында президент Роза Отунбаева. Мамлекет башчысы Июнь окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна токтолуп: “Парламенттик комиссия кыска мөөнөттүк маселени чечүүгө эмес, мамлекеттин стратегиялык багытына жол ачышы керек. Анткени 1990-жылдагы коогалаңга эч талдоо жасалбай калгандыктан, улуттар аралык араздашуу кайталанып отурат. Чындыкты жаап-жашырып, улуттар аралык мамиленин мүнөзүн ачык талкуулоодон качып отуруп ушуга жеттик”,- деди. Андан сырткары улуттар аралык ынтымакты чыңдоого мамлекеттик тилдин ролу зор экенин белгилеп: “Тилекке каршы, бүгүн кыргыз тилин жайылтууда кыйынчылыктар бар. Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө шарт жок болуп жатат. Ушундан улам жаштар да тилди үйрөнүүдөн оолактап жатышат”,- дейт президент.