Максим Бакиевге тиешелүү Бишкектеги 4 турак үй сатылып кеткендигин “Республика” фракциясынын лидери, депутат Канатбек Исаев аталган фракциянын жыйынында билдирди. Жаныш Бакиевдин уулу Чыңгызга жана Максимдин жан-жөкөрү Алексей Елисеевге караштуу коттедждерди өкмөт улутташтырбагандыгын белгилеп, бул мүлктөр башка адамдардын атына катталып сатылганы жаткандыгын кошумчалады.
Ал эми Улутташтырылган мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонддун жетекчиси Даир Кенекеев: “Сотторго жөнөтүлгөн 20 арыз ушул күнгө чейин каралбай жатат. Себеби «ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн декрети укуктук-нормативдик актылар эмес» деп, арыздарды кароодон баш тартышууда”,- дейт. Эске сала кетсек, 7-апрелден кийин убактылуу түзүлгөн өкмөттүн декреттери менен экс-президент Бакиевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөр улутташтырылган.