Кыргызстандагы жер-суу аталыштарына айрым инсандардын ысымын ыйгаруу маселеси көтөрүлүүдө. Буга байланыштуу “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча демилге көтөрүүдө. Маматалиев Кыргызстанды Советтер Союзундагы өлкөлөрдүн ичинен мыкты көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы орундарда турууга жеткирген эмгеги үчүн мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын Бишкектин Биринчи Май районуна ыйгарууну сунуштап жатат. Ошондой эле ал Чыңгыз Айтматовдун ысымын да белгилеп өттү.