Кадамжай районунун тургундары 20 жылдан бери Кыргызстандын аймагындагы жер астындагы түтүктөр аркылуу суткасына 20 тоннага чейин мунай Өзбекстанга кетип жаткандыгын билдиришип, бул боюнча катуу чара көрүү талабы менен жергиликтүү бийлик органдарына кайрылып келишет.
КРнын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы «КРнын аймагында жайгашкан газ-техникалык курулуш имараттары жана Өзбекстан Республикасынын чарбалык субъекттерди иштетип тургандыгы жөнүндөгү» №66-токтомуна ылайык, негизги нефть жана газ скважиналарын, ошондой эле «Түндүк-Сох» газ сактагычын «Кыргызгаз» жана «Кыргызнефтегаздын» балансына өткөрүп бериши керек эле. Бирок 10 жылдан бери Өзбекстан белгисиз шылтоолор менен аталган мүлктөрдү бербей келет.
Өзбекстандын «Фергананефть» АКсы нефтини жана газды иштетүү үчүн Кыргызстандын аймагынан 184 гектардан ашуун жерди пайдаланып келүүдө. Анын ичинен 32 гектары суулуу жер болсо, 152 гектарын жайыттар түзөт. Мындан сырткары «Түндүк-Сох» газ сактагычы 360,2 гектар, жогорку жана төмөнкү басымдагы газ өткөрүүчү түтүктөр 700 гектар жайыттарды ээлеп турат. Бардыгы болуп 1270,2 гектар жер Өзбекстан тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келе жатат.