3-июнда Москвада МУЗ-ТВ телеканалы да абройлуу сыйлыктардын ээлерин аныктады. Алсак, Дима Билан "Мыкты ырчы мырза" деп табылып, Димага сыйлыкты Голливуд жылдызы Шэрон Стоун тапшырды. “Төртүнчү жолу мындай наамга татып отурсам да, абдан толкундандым” деп кубанат Дима Билан. Ал эми “Эң мыкты ырчы айым” наамы Вера Брежневага буюрган экен. Кечеге Стоундон тышкары Араш менен Хелена да конок болуп кетишти.