Ырчы Наташа Королёва мурдагы жолдошу Игорь Николаевдин азыркы жубайы Юляга боору ооруп жаткандыгын билдирген. “Игорь өтө кызыл камчы, көрөсүңөр, Юля да мага окшоп көгөргөн жерлерин тоналдык крем менен жаап калат” деп мас абалында журналисттерге жар салган. Балким, Игорь чын эле кызыл камчы чыгар? Бирок маалымат булактарына тараган бул кабар Наташанын дагы деле экс-жолдошуна сезими бар экенин далилдеп тургансыйт.