Лос-Анжелес шаарында MTV телеканалынын 20-сыйлык тапшыруу салтанаты өттү. Анда “Күүгүм” тасмасы 5 номинацияда жеңишке талапкер болгон. Натыйжада “Экрандагы эң кумарлуу өбүшүү” номинациясы боюнча жеңип, сыйлык тасманын баш каармандары Роберт Паттинсон менен Кристен Стюартка тапшырылды. Кызыгы, кумарлуу өбүшүүнү кайталап коюуларын талап кылып кол чаап жаткан көрүүчүлөр түшкө кирбеген жорукка күбө болушту. Роберт Кристенди эмес, алдыңкы катарда отурган Тейлор Лотнерди (Жейкоб) кучактап, эриндеринен кумарлуу өөп алды. Кристен мындайды күтпөсө керек, сыйлыгы менен көшөгө артына шашылыш чыгып кетүүгө мажбур болду.