БОЛОЧОК ЧЕМПИОНДОР МЕКТЕПТЕН ЧЫГАТ

Өткөн аптада баш калаада СДЮШОРдун (Оор атлетика боюнча Бишкек шаардык балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектеби) спорттук базасында кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу мектеп окуучуларынын арасында оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү. Аталган мектептин директору Улан Молдодосовдун демилгеси менен Билим министрлигинин жана “Жаштык” борборунун колдоосунда уюшулган мелдеш өлкөнүн бардык аймактарынан келген 59 жаш спортчуну кучагына алды. Натыйжада 8 салмактык категориянын негизинде жалпы командалык эсепте бишкектиктер 248 упай менен жеңип чыгышты. 2-орунду 229 упай менен жалал-абаддыктар ээлесе, 162 упай топтогон Баткендин өкүлдөрү үчүнчүгө чыгышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан