ЛЕБЕДЕВ ЖАНА ВАН ГАЛДЫН СЫРЫ

Мындан бир канча апта мурун орусиялык оор салмактагы мушкер Денис Лебедев Дүйнөнүн экс-чемпиону, америкалык Рой Жонсту (кенжеси) нокаут менен уткан. Көп өтпөй орус мушкери купуя сырын ачты. Көрсө, Лебедев Рой Жонс менен беттешүүгө үч апта калганда кабыргасын сындырып алган экен. Бирок аны жашырып, натыйжада жеңиш “сынык кабырганын” ээсине буюрган. Атаандашынын жарым жан экени америкалыкка эрте маалым болсо, Денис жеңиштен куру калат беле, ким билет...
Ал эми “Ювентустун” чабуулчусу, италиялык Лука Тони мурунку клубу мюнхендик “Бавариянын” башкы машыктыруучусу Луи ван Галдын сырын ачты. Анын айтымында, бир ирет ван Галь оюн танаписинде шакирттерине шымын шыпырып, көргөзчүсүн көргөзгөн. Муну менен ал жылдыздардан турган курамды машыктыруудан коркпой турганын көрсөткүсү келген имиш. “Ван Галь – психикалык оорулуу”,- дейт Тони. Эске салсак, ошондо Луи ван Галдын жетекчилиги астында Франк Рибери, Мирослав Клозе, Филип Лам, Бастиан Швайнштайгер сыяктуу бир катар футбол жылдыздары ойношкон жана машыктыруучунун “жылдыздарга каршы куралын” көрүшкөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан