“Лондон-2012” Олимпиадасына тандап алуу оюндарынын аялдар арасындагы Иран-Иордания оюну башталбай жатып чыр менен аяктады. Бахрейндик калыс ирандыктардын хиджабды чечип ойноодон баш тарткандыгына байланыштуу Иранга 3:0 эсебинде техникалык жеңилүү жазган.
Ирандын Бахрейндеги элчиси Муслех Задех ФИФАнын мындай чечимин "саясий мүнөзгө ээ жана адамгерчиликке жатпайт" деп сындады. Чоң футболдо мусулманчылыкка жол берилбегени футболчу айымдарга өтө оор тийди. Алар талаа үстүндө кылгыра жаш төгүп турушту. Айрым маалыматтарга таянсак, бахрейндик калыстын мындай тыянагына Бахрейн менен Ирандын мамилеси салкын экени таасирин тийгизген.