5-июнда Биринчи дүйнөлүк согуштун баатыры, француз учкучу Роллан Гарростун ысымын алып жүргөн Франциянын теннис боюнча 110-ачык чемпиондугу өз жеңүүчүлөрүн тапты. Эркектер арасында финалга эки күн калганда 25 жаш курагын белгилеген дүйнөнүн №1-ракеткасы – испаниялык Рафаэль Надаль чемпион аталды. Ал финалда швейцариялык Рожер Федерерди жеңип (7:5, 7:6, 5:7, 6:1 эсептеринде), аталган мелдештин чемпиондук секисин 6-ирет багындыра алды. Бул – испаниялыктын Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 ири мелдештеги 10-жеңиши. Надалдын финалдагы курмандыгы, карьерасында 16 жолу Чоң шлемге ээ болгон Федерер оюндан кийин: “Надаль өзүнүн мыктылыгын далилдеди, бирок менин рекордума жетпейт”,- деди. Эскерте кетсек, Федерер 29, ал эми Надаль 25 жашта. Федерер Чоң шлемдеги алгачкы жеңишине 21 жашында жетсе, 21ге толгондо испаниялыктын наамында 3 жеңиш бар эле.
Ал эми аялдар арасында чемпиондукка 7-талапкер болуп көрсөтүлгөн кытайлык На Ли финалда өткөн жылдын чемпиону – италиялык Франческа Скьявонени жеңип (6:4, 7:6), Чоң шлем түркүмүндөгү мелдешти уткан алгачкы азиялык спортчу айымга айланды. Учурда аны кытайлык ММКлар асманга көкөлөтүп, керемет деп баалашууда.