АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

19 ЖАШТАГЫ КУРАЛЧЫ
Ош ШИИБинин кызматкерлери “мыйзамсыз курал жасаган жана сактаган” деп шектелген адамды кармашты. Шаардын көчөлөрүнүн биринен Кара-Суу районунун 19 жаштагы тургунун текшерген учурда анын жанынан колго жасалган, 5,6 миллиметр калибрдеги ок менен атылууга ылайыкталган 3 ок атуучу курал табылган. ИИМдин билдиришинче, бул жигит куралдарды өзү жасап жүргөн. Анын дагы канча курал жасаганы тергөөдө аныкталмакчы.

УУРДАГАНЫ АЗ КЕЛГЕНСИП, СЕКЕЛЕК КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП...
23-майда күндүзгү саат 11лерде Сокулук айылындагы үйлөрдүн бирине ууру кирген. Ошол маалда үй ээсинин жашы жете элек кызы мектептен келип калып, аны кылмышкер бычак менен коркутуп, акча талап кылган. Жооп ала албагандан кийин аны байлап, бөлмөлөрдүн бирине камап койгон. Үйдү тинткен ууру баалуу эч нерсе таба албай коюп кызды зордуктап, эки уюлдук телефонду алып изин жашырган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, бир жумадан кийин кылмышка шектелген Чолпон-Ата шаарынын 20 жаштагы А.М. аттуу тургуну колго түшүрүлдү. Маалыматтарга караганда, кармалган адам уурулук кылуу үчүн ушундай “гастролдорго” тез-тез чыгып турган. Азыркы убакта ал убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, башка да кылмыштарга тийиштиги бар-жогу иликтенүүдө.

ТРАКТОР МЕНЕН СУУГА ТҮШҮП КЕТИШКЕН
4-июнда Ат-Башы районундагы “Таш-Рабат” асфальт-бетон заводунун эки кызматкери Т-130 трактору менен Кара-Коюн дарыясына түшүп кеткен. Жыйынтыгында айдоочу – 33 жаштагы Токмоктун жашоочусу В.Карташов жана жүргүнчү – Ат-Башы районунун 53 жаштагы Т.Чатаев аттуу тургуну каза болушкан. Экөө тең жол салып жаткан “Чайн Род” аттуу Кытай компаниясында эмгектенишкен.

ТААНЫП-БИЛГЕНДЕР БОЛСО, КАБАРЛАГЫЛА!
2011-жылдын 11-майында Сокулук районундагы Национальное айылына кеткен автожолдогу Сокулук суу сактагычына жакын жерден 18-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү адамдын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Өлүк мууздалып, анан өрттөлгөн.
Кийимдери:
Кочкул көк түстөгү шым, кара жана боз түстөгү байпак.
Өзгөчө белгилери:
Бою – 170-175 сантиметр, орто түзүлүштөгү денелүү, чачы кара, мурду жалпак, кулагы кичинекей.
Сүрөттөгү адамды таанып-билгендер болсо, Сокулук РИИБине кабарлап койсоңуздар.
Нөөмөт бөлүмүнүн байланыш телефондору: (03134) 5-33-80, (0312) 60-75-67, (0555) 41-01-65.

101 билдирет

БАЛАНЫН ОТ МЕНЕН ОЙНОГОНУНАН ҮЙ КҮЙҮП КЕТТИ
3-июнда Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонундагы үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен үйдүн 26 чарчы метр аянты жана үй буюмдары күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 3 жаштагы уулунун от менен ойногонунан келип чыккан.

ӨРТТҮН КЕСЕПЕТИНЕН 3 ЖАШАР КЫЗ КАЗА БОЛДУ
4-июнда Баткен облусунун Үч-Коргон айылындагы үйдөн өрт чыккан. Мында 3 жаштагы кыз иске ууланып каза болуп, анын 5 жаштагы агасы оор абалда Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.
Үй ээси Р.Н. эки баласын үйгө таштап, кошуналарынын алчасын теришүүгө кеткен. Үйгө кайтып келген аял үйдүн түтүнгө толуп калганын көрөт. Балдардын жанынан ширеңке кутусу жана ширеңкенин күйгүзүлгөн талдары табылган. Мындан улам өрттүн чыгышына балдардын от менен ойногону себеп болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан