Ырчы Алтынбек Алымов облустарды кыдырып, гастролдон келди. “Келсем, мен жашаган райондо суу жок экен. Абдан куурап жатам”,- деп кейип өттү.
Асема жеке концерти менен түштүктө гастролдо болуп келди. Эми түндүккө сапар тартканы турат.
Нурайым Азыкбаева«экзамендерди ийгиликтүү тапшырып аларым менен турмуш жолуна аттанам» деп турган чагы.
«02.14» тобу июль айында Орусияда болчу концертине даярданууда. Ага чейин Чүй облусун кыдырып концерт тартуулайт.
Аскат Мусабеков Жолон Мамытовдун сөзүнө таандык “Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин” аттуу ырын жаңы вариантта жаздырууда.
Кубаныч Сатаев жубайы ди-джей Кундуз Авашова менен “Эңсөө” деген ыр жаздырды.
Ырчы Данияр Эрматов “Жаным, токто” деген ырына клип тарттырууда.
Иса Өмүркулов быйыл 11-классты аяктап, мектеп менен коштошту. Учурда “Сүйүү жазы” аттуу ырына клип тартуу иштери менен алек болуп жүрөт.
Неля 10 жылдыкка жолдошу Урмат жана кызы Жазель менен барып келди.
Ырчы Назми Токтогулдагы кайын журтуна кызы менен барып эс алып келүү алдында турат.
Этноакын Тата Улан “Не керек?” деген ырына клип тартууга киришти. Ошондой эле Орусияда 1 күндүк концерт коюп келди.
Ырчы Дархан “Эне заты” деген чыгармасына 3D форматында клип тартууда. Буюрса, ушул айдын аягында жарыкка чыгып каларын айтты.
Съездбек Искеналиев Шамшы жайлоосунан эс алып кайтты. Учурда “Жүрөгүм” деген ырына клип тарттырууда.
Токтобек Асаналиев тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Республикалык «Кыргыз тил» коомунун атайын медалы менен сыйланды.
“Эне эмгеги” кайрымдуулук фонду “Арнайм сага, апаке” долбоорунун 2-сезонун баштаганы турат. 15-июнда майып балдар эстрада ырчылары менен бирге дуэт ырдашмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.