АЛАТОО УЛАМЫШТАРЫ, ЫЙЫК БУЛАКТАРГА БАЙ МАНЖЫЛАТА

Ысыккөлдүн Тоң аймагы пансионаттары менен гана эмес, ыйык булактары көп Манжылыата менен да даңктуу. Мында көчмөн кыргыздарга ислам динин жайылткан суфизмдин (исламдын бир агымы) окутуучусу Манжылыатанын мазары бар. Антсе да, Манжылыата дегенди кененирээк мааниде, ошол өрөөндөгү «жер-сууну, мал-жанды, жол жүргөндөрдү колдоочу» деп түшүнүү орун алган.
«Бакыт кааласаң Манжылыатага бар»
Ыйык өрөөндүн аты аталганда көз алдыга адырлары анча терең эмес кыйма-чийме капчыгайлар менен алмашкан жер элестелет. Капчыгайлар болсо булактарга бай. Маалыматтарга таянсак, ар бир булак дарылык касиетке ээ. Ыйык жерлердин касиетин билчү даанышмандар: «Узак жашагың жана денсоолукта болгуң келсе Ысыкатанын булактарына, ал эми байлык менен мал сурасаң Ысыккөлдүн жээгиндеги Чолпонатанын мазарына бар»,- дешет. Ал эми: «Үйбүлөлүк бакыт, жандүйнөнүн теңсалмагын тилесең, Манжылыатага бар»,- дегендери бекеринен эмес.
Касиеттүү дары булактардын мекени
Негизи, Манжылыата өрөөнүндө канча булак бар экендигин саноо кыйын. Туристтерге «ыйык 9 булак бар» деп түшүндүрмө берилсе, мистикага берилгендер «20 булак бар» дешет. Мазарга сыйынуучулар алгач бийик адырдын чокусундагы Манжылыатанын мазарына сыйынышат. Ал жерден ыйык булактарды көздөй жолдор башталат. Көпчүлүк булактарды жанында бийик өскөн жалгыз мажүрүм талдан билүүгө болот.
Биринчи булак Манжылыата деп аталат жана мазарга абдан жакын жайгашкан. Булактын суусу киргилт. Бирок, ал суу канды тазалап, жүрөк менен боорду бекемдеп, бөйрөктөгү ташты чыгарат. Кыскасы, адамды жашартып, өмүрүн узартат дешет.
Кийинки булактар бири-бирине жакын жайгашкан жана Эгиздер деп аталат. Биринчи булактын өңү киргилт жана суусу жылуу, кышы менен тоңбойт. Суусу ички органдарды тазалайт. Экинчи булактын суусу муздак жана металл даамданат. Зат алмашууну жакшырта турган касиетке ээ. Мындан сырткары, нерв ооруларынан жана жаман өнөкөттөрдөн (ичкиликтен, баңгичиликтен) куткарат деп да эсептелет. Болгону, катуу суук түшкөндө бетин муз каптап калат.
Сыйынуучулар «дары булактардын арасында көрүү менен угууну жакшыртуучу касиетке ээ булак да бар» дешет. Ал эми Азиз аттуу булакка жуунсаң калыс, намыстуу жана эл урматтаган абройлуу адамга айланууңа мүмкүнчүлүк болот экен. Элдин сөзүнө таянсак, булакты ак жыландар кайтарышып, ичи жаман адамды ал булакка жолотушпайт имиш.
Баласыздарга бала тартуулаган булак
Эң алыскы булактар тоодо жайгашкандыктан, аларга эрки күчтүү адам гана жете алат. Булактардын бири адамга каармандыкты, эр жүрөктүүлүктү тартуулайт делет. Андыктан, «уулум эр жүрөк азаматтардан болуп өссүн»деген аталар ал жерге уулдары менен барышат. Уламыш боюнча, булак илгери жоокерчилик заманда айыгышкан кармашта баатырдын каны төгүлгөн жерден пайда болуптур.
Илим деген булак топурак бетинде сентябрда пайда болуп, кыш түшөөрү менен дээрлик 9 ай жоголуп кетет. Булак акылдын, билимдин, чыгармачылыктын булагы деп саналат. Андыктан, жазуучулар, сү­рөтчүлөр, музыканттар, акындар көп барышат.
Эң атактуу булактардын бири – Бугуэне булагы. Аны «баласыздарга бала тартуулайт» дешет. Сыйынууга келгендер курмандыкка жандык союшуп, түнөшөт. Аталган булак тууралуу уламыштын Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасында айтылган «Бугу Эне» жомогунун маңызы бир. Болгону, эң артында адамдарга таарынган Бугу Эне өзүнүн акыркы тукумдарын алып кетип жатып, Ысыккөлдү карап төккөн жашынан булак пайда болгон делет.
Адам өзүнүн «үчүнчү көзүн» ачса болот
Негизи, өрөөндүн геологиялык татаал түзүлүшү, жер астындагы суулардын көптүгү өзгөчө атмосфера менен энергетиканы түзөт. Ошондуктан, Манжылыата туристтерди өзүнө тартат.Туристтердин арасында уфологдор, экстрасенстер, йогдор да көп. Алардын көбү «мындай ыйык жерден адам өзүнүн «үчүнчү көзүн» ачса болот» деп ишенишет. Алтургай, бул жерден «НЛОну көрдүм» дегендер да жолугат. Сыйынуучулар: «Булактардагы сууну саат түшкү 1ден 3кө чейин, анан түнкү 3төн 7ге чейин ичип, сыйынса абдан натыйжасы көп»,- дешет.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 305, 5-11 сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан