Көптөн бери чыгармачылыгы “уктап калган” ырчы Темир Назаров телеге ооп кетиптир. Ал “ОшТВ” телерадиокомпаниясында көңүл ачуучу оюн-зоок берүүлөрдүн жетекчиси болуу менен бирге алпаруучулукту да аркаламай болгонунан кабар таптык.
Бул тууралуу Темир: “Телеге бир долбоор сунуштап барган элем. Анан “дал ушундай долбоорлор менен иштеген адам керек болуп жатат, иштебейсиңби?” деген сунуш түшүп калды. Бир ай стажировкада жүрүп, колумдан келерине көзүм жеткенде гана иштей баштадым”,- деп билдирди.
Темирди эми телеалпаруучу катары да көрүп калат экенбиз, чиркин!