Бактыгүл Бадыева 29-майда 26 жашын белгилеп, анан эс алууга Түркияга сапар алганынан кабарыбыз бар болчу. Ырчы кыз Анталияда эс алыптыр. Ошол сапарында соода борборлорунун бирине кирип 30 000 доллар чамалуу баага бир зер жасалга, ушундай эле суммадагы акчага кийим-кече сатып алып кеткен экен. Эми ал соода түйүнүнүн өкүлдөрү кардарлардын кыргызстандык экенин укса эле “силерде ырчылар акчаны укмуш табышат тура. Бактыгүл деген ырчы келип баланчадай суммага соода кылып кетти” деп айтып, таң калганын жашыра албай жатышат дейт. Мындай кабарды бизге ошол эле Анталияда учурда эс алып жүргөн кыргызстандыктар кабарлашты.