“Тумар” радиосунун ди-джейи Аслан Адилбеков башында аталган радиону такыр укчу эмес экен. Эжесинин Дильназ аттуу кызы болбосо, ал азыр кайда жүрмөк, ким билет... Бул тууралуу жаш ди-джей: “Сынактан өтүп кетем деп ойлогон эмесмин. Эжемдин кызы «Тумарга» кастингге ээрчитип келбегенде, мага ди-джей болмок кайдан?..”- дейт. Ошентип, алгач радионун шарты боюнча бир ай стажировкадан өтүп, анан эфирге чыга баштаган. Капысынан радио кызматкери болуп калган Аслан азыр өз кесибин сүйөт.
Эгерде сиз да бул жигиттей ди-джей болгуңуз келсе, анда 17-июнда өтүүчү кастингге катышып көрүңүз. Ага 16-25 жашка чейинки улан-кыздар катыша алышат.