Каныкей борборубузда жеке концерт бергенден кийин эс алып жатабы десек, жок, жаңылышыптырбыз. Ырчы Түркияда өтө турган “Түрквизион” Эл аралык музыкалык фестивалына катышууга камданып жаткан экен. Фестивалдын шарты боюнча, ырдала турган эки ырдын бири түрк тилинде болушу керек. Муну уккан Каныкей “Кара чаң” аттуу чыгармасын түрк тилине которуп да жибериптир. Ал эми “Жашка карек” ырын кыпкыргызча эле созмокчу. Учурда Каныкей өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн чакан автобус менен облустарды кыдырып концерт коюп жүргөн кези.