Жүрөк кылдарын черткен ырлар менен гана чектелбестен, жүрөккө жетер тасма да тартууну кыялданып келген Бек Борбиев ошол тилегин орундатууга киришти. Учурда ал жазган сценарийдин негизинде “Мен сүйгөн карагат” деп аталган мелодрама жанрындагы тасма тартыла баштады. “Өзүңүз да роль жаратасызбы?” деген сурообузга “ооба, мени башкы ролдон көрө аласыңар” деген жооп алдык. Бул мырза сахнанын падышасы катары өзүн көрсөтө алды. Актёр катары кандай баа алат, кино жарыкка чыккыча күтө туралы.