АДАХАН МАДУМАРОВ: “ЖАШООДО ӨЗҮМӨ ӨЗҮМ ОППОЗИЦИЯМЫН”

Экс-спикер эмне дейт? Адахан Мадумаров: “Жашоодо өзүмө өзүм оппозициямын”
Экс-спикер Адахан Мадумаров төрагалык кызматынан кеткенден кийинки алгачкы интервьюсунда кызматтан кеткенинин себебин, энергетикадагы абал жана келечектеги пландары туурасында айтып берди.
– Жогорку Кеңештин төра-галыгынан кетүүңүздүн себеби эмнеде?
– Аны өзүңөр деле жакшы биле­сиңер. Кайсы жакта иштебейин, өз принциптериме туура келбеген нерсени эч качан жасаган эмесмин. Ар тараптуу интрига жүрүп жатканын түшүнгөндө кетип калууну чечтим. Сени түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген адамдарды да, өзүңдү да кыйнап кереги жок. Мен туура чечим кабыл алдым деп ойлойм. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Болгону, шайлоо компаниясында эл менен болгон жолугушууларда аларды бекер үмүттөндүргөнүбүз жүрөгүмдү өйүйт. Ал үмүттөр үмүт бойдон кала берди. Мен өмүрүмдү эл үчүн арнайм, эл сени колдобосо, сен эч ким эмессиң.
– Спикерлик кызматтан кет­­­­­­кен соң эмне менен алектен­­диңиз?
– 17 жылдан бери эс ала элек элем. Абалдан пайдаланып, профилактикалык кароодон өтүп, денсоолугума карадым. Үйбүлөмө, балдарыма, ата-энеме көбүрөөк көңүл бура баштадым. Бош убактымда жашоо менен эркиндиктин ырахатын татып отурам.
– Кызматыңыздан кеткенден бери эмне өзгөрдү?
– Эч нерсе. Аалам ошол боюнча эле турат. Түрдүү кырдаалга байланыштуу жашоодогу баалуулуктарга болгон көз карашын өзгөртүп жиберген адамдарды түшүнбөйм.
– Жакынкы жылдарга планда-ры­­ңыз кандай?
– Жашап, иштөө. Саясат боюнча айтсам, жашоо өзү эле саясат. “Саясаттан кетти” же “саясатка келди” деп айтуунун өзү туура эмес. Активдүү позицияны ээлеп турган адам кааласа да, каалабаса да ар дайым саясатта болот.
– Сизди “элчи болот” деген сөз­дөр жүрүп жатат го?
– Менин журналист-кесиптеш-теримдин жардамы менен жер жүзү ушак сөздөргө толуп турат. Эмнени гана ойлоп таап, мен үчүн кандай гана чечим чыгарып жиберишпеди... Мен Кыргызстандан сыртта жашай албайм. Кыргыздын абасы менен дем алып, суусун ичип, кыргыз элинин арасында жашашым керек. Андыктан, элчи болуу мен үчүн эмес.
– Курманбек Бакиев менен мами­леңиз кандай?
– Мен аны менен акыркы жолу 28-майда, кызматымдан кетип жатканда көрүшкөм. Ошондон бери кезиге да, телефон аркылуу сүйлөшө да элекмин. Мен эч качан бирөөдөн бир нерсе сурабайм, бул бир. Экинчиден, пикиримди өзгөрткөн жокмун. Эгерде мен бир адамга ишенип, аны сыйлап келсем, ал адам мага ишенбесе, бул менин маселем эмес.
– Акүй менен парламентте сиздин кызматтан кетиши­­­­ңиз “жакын­­дарыңыздын, анын ичинде досуңуз, борбордун экс-мэри Данияр Үсөновдун да иштерине таа­сир этти” деген кептер жүрөт...
– Үсөнов жаш бала эмес. Бирөөнүн тагдырын мени менен байланыштыруунун кажети жок. Үсөнов чоң саясатка болгон жолун өзү салды.
– “Жаңгак уюлу чыры” сиздин саясый карьераңыз­­да кандай роль ойноду?
– Эң кичинекей. Бул болбогон себеп эле. Ремонт жүрө берет да, кеп ремонтто эмес. Бул суроо бардык фракциялардын жетекчилери, комитеттин төрагалары, президент жана премьер-министр менен талкууланып, кабыл алынган. Кээбир ММКлар бул талашта менин Садыркуловго (КР Президентинин Администрация жетекчиси Медет Садыркулов) жеңилип, кулаганым тууралуу жазышкан. Мен намыстанбайм, тескерисинче, сүйүнөм. Анткени, жөрмөлөп жүргөн эмес, басып-чуркап жүргөн адамдар гана кулайт.
– Мындан кандай сабак алды­ңыз?
– Абдан ишенчээкмин. Эгер бирөөгө ишенсем, анда кымындай шек калтырбай ишенем. Ойлогонумду айтып, айтканымды жасайм. Убагынан эрте айтылган чындык, калптан да көп зыян алып келиши мүмкүн.
– Күзүндө оппозиция кыймылга келгени жатат...
– Мен оппозицияны баалап-сындабайм. Анткени, алардын сөзүндө рационалдуу нерсе көп. Каалаган саясый орган, партия, уюм талап кылууга укугу бар. Эмне кыймыл болбосун, конституция менен мыйзамдын чегинде болушу керек. Саясатчылардын тирешүүсү мамлекет менен жөнөкөй элдин жүзүн кирдетет. Эч качан бир гана жак күнөөлүү болбойт, күнөө эки жакта тең болот.
– Оппозицияга кошуласызбы?
– Жок. Мен жашоомдо өзүмө өзүм оппозициямын. Жүрөгүм менен акыл-эсимдин ортосунда дайым күрөш жүрүп келет.
– Президентикке талапкерлиги-ңизди коёсузбу?
– Аны убакыт көрсөтөт. Негизи, конституцияга баш ийүүбүз керек. Шайлоо кандай өтсө да, президент ким болсо да бул Кыргызстандын чечими болот. Биз ошол чечимди сыйлай билүүбүз кажет.
– Кыргызстандагы энергетикалык кризис тууралуу эмне айта аласыз?
– Суунун кайда, кимге кетип жатканын эсептөө үчүн академик болуунун деле кереги жок. Мен муну жакшы эле түшүнүп турам. “Суу сактагычтар жана суу ресурстары жөнүндө” мыкты долбоор иштеп чыккам. Учурдан пайдаланып, ушул долбоорду мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алуу өтүнүчү менен депутаттарга кайрылам. Себеби, суу – биздин байлыгыбыз, болгону аны туура колдонуп, андан майнап чыгара билүү керек.

АКИpress маалымат булагынан которулуп жана кыскартылып берилди http://kg.akipress.org/news/61026

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 305, 5-11 сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан